Үй КАБАРЛАРМакрон Трамптын Франциядагы башаламандыктар тууралуу билдирүүлөрүн акылга сыйбаган сөздөр деп атады

Макрон Трамптын Франциядагы башаламандыктар тууралуу билдирүүлөрүн акылга сыйбаган сөздөр деп атады

by Kanykey

Франциянын президенти Эммануэль Макрон чет өлкөлүк саясатчылар өлкөдөгү башаламандыктар тууралуу өздөрүнүн саясий кызыкчылыгы үчүн негизсиз жана акылга сыйбаган билдирүүлөрдү жасап жатканын айтты.

The Guardian басылмасынын жазганына караганда, Макрон ишемби күнкү башаламандыктардан кийин маалыматтарды бурмалоо көптөгөн адамдардын, анын ичинде чет өлкөлүк лидерлердин да кабыл алынгыс жана акылга сыйбаган билдирүүлөрдү жасашына алып келгенин белгилеген.

Журналисттер Франциянын президенти бул сөздөрү менен АКШнын лидери Дональд Трампты айтып жаткан-жатпаганын сурашканда, Макрон муну ырастаган.

Буга чейин Трамп Франциянын шаарларындагы көчө зомбулугуна «мигранттарды, жихадчыларды жана коммунисттерди» күнөөлөгөн. Макрон ошондой эле Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун билдирүүлөрүнө токтолгон. Нетаньяху Франциядагы кырдаалды «экстремисттик исламдын басып кириши» деп мүнөздөгөн.

Франциянын президентинин айтымында, айрым саясатчылар өлкөдөгү кырдаалды өздөрүнүн шайлоо өнөктүктөрү үчүн пайдаланууга аракет кылып жатышат. Ал мигранттар менен исламчылардын өлкөгө жапырт басып кирип жатканы тууралуу маалыматтарды четке кагып, аларды таптакыр жалган деп атады. Ошондой эле жасалма интеллект аркылуу түзүлгөн жалган сүрөттөрдүн таралышы көңүл бурууга арзый турганын белгиледи.

Ошол эле учурда Парижде жаңы башаламандыктардын чыгуу коркунучуна байланыштуу бейшемби күнү нааразылык акцияларын өткөрүүгө тыюу салынды. Ал эми ишемби күнү «Сары жилеттер» кыймылы Париждин борбордук бөлүгүндө жүрүш өткөрүүнү пландап жатат.

Маалыматка ылайык, өлкөдөгү массалык башаламандыктар учурунда 2,5 миң адам кармалган. Алардын 174үнө карата түрмөгө камоо өкүмү чыгарылган.

Буга чейин шаршемби күнү «Улуттук биримдик» фракциясынын лидери Марин Ле Пен бийлик нааразылык акцияларына көзөмөлдү жоготконун билдирген.

Le Figaro басылмасынын маалыматына караганда, Брижит Макрондун үй-бүлөсүнө таандык дүкөндү кайтарууга полиция ротасынын жарымы тартылган.

Ал эми жекшемби күнү Франциянын президенти Эммануэль Макрон массалык башаламандыктарга катышкан адамдар жазаланарын убада кылган.