Ирандын март айында Перс булуңундагы АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) объектилерине учкучсуз аппараттар менен жасаган чабуулдарынан кийин АКШнын чалгындоо кызматынын аналитиктери Россия бул операцияларга бута тууралуу маалымат же заманбап дрон технологияларын берүү аркылуу жардам берген болушу мүмкүн деген версияны иликтей баштады.
Бул тууралуу 22-июлда Reuters агенттиги АКШнын чалгын маалыматтары менен тааныш төрт булакка шилтеме берип кабарлады.
Ошол эле учурда Reuters агенттигинин булактары Россиянын бул чабуулдарга катышканы боюнча азырынча акыркы жыйынтык чыгарыла электигин баса белгилешти.
«Россиянын бул чабуулдарга мүмкүн болгон катышуусу тууралуу азырынча акыркы тыянак жок», — деп билдиришкен АКШнын чалгын кызматына жакын булактар.
Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, март айында ЦРУнун кеминде эки объектиси чабуулга кабылган. Алардын бири Сауд Арабиясынын борбору Эр-Рияддагы АКШнын элчилигинин аймагында жайгашкан ЦРУнун станциясы болсо, экинчиси Ирактын чыгышындагы объект болгон.
Чалгындоо маалыматтары менен тааныш эки батыштык аткаминердин айтымында, Эр-Рияддагы АКШ элчилигине жасалган чабуул россиялык технология колдонулган эки Shahed учкучсуз учагы аркылуу ишке ашырылган. Алар Россия Иранга Shahed-136 дрондорунун тактыгын жогорулатууга да жардам берген болушу мүмкүн деп эсептешет. Алардын маалыматына караганда, Москва Иранга Kometa-M спутниктик навигациялык тутумун берген болушу мүмкүн.
Ал арада Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Иранга курал-жарак жеткирүү боюнча айтылып жаткан маалыматтарды четке какты.
“Россия Иранга курал-жарак жеткирбейт жана мындай ушактарды угуу «ыңгайсыз”, – деди Лавров Тегеранга аскердик жүктөрдү жеткирүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маалыматтарга комментарий берип жатып.
«Биз бул жаңжалдын токтошун каалайбыз. Ал дүйнөлүк экономикага терс таасирин тийгизүүдө, ал эми Россия дүйнөлүк экономиканын бир бөлүгү болуп саналат», — деген РФ ТИМ башчысы.
Министр согуштук аракеттердин уланышы Вашингтондун да, Тегерандын да кызыкчылыгына туура келбей турганын белгилеген.
Буга чейин Лавров Москва АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүү жараянын колдой турганын жана эки өлкөнүн ортосунда узак мөөнөттүү келишимге жетишүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирген. Ошондой эле ал зарыл болгон учурда коңшу мамлекеттердин катышуусунда кеңири форматтагы макулдашууларга жетишүүгө да Россия көмөктөшүүгө даяр экенин айткан.