Кытай Баб-эль-Мандеб кысыгынан кемелердин өтүшү боюнча хуситтер менен түз байланышка чыккан алгачкы өлкөлөрдүн бири болду.
Бул тууралуу Reuters алты маалымдар булакка таянуу менен билдирди.
Маалыматка караганда, йемендик хуситтер Сауд Аравиясынын портторуна деңиз блокадасын жарыялагандан кийин, Кытай өзүнүн мунай ташуучу танкерлеринин Кызыл деңиздин түштүк бөлүгү аркылуу коопсуз өтүүсүн камсыз кылуу максатында хуситтер менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Булактардын айтымында, Пекин хуситтерге түз кайрылып, кытайлык танкерлердин коопсуз өтүшүнө кепилдик берүүнү суранган.
Маалымат булактары белгилегендей, Кытай Баб-эль-Мандеб кысыгы аркылуу кемелердин өтүүсүнө байланыштуу хуситтер менен түз байланыш түзгөн алгачкы мамлекеттердин бири болуп калды. Муну менен Пекин Кызыл деңиздеги Сауд Арабиясынын терминалдары (негизинен Янбу) аркылуу мунайдын үзгүлтүксүз экспортун камсыз кылууга аракет кылып жатат.
Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Янбу портунан Баб-эль-Мандеб кысыгы аркылуу түштүктү көздөй Азияга баруу орто эсеп менен 16 күндү талап кылат. Ал эми кеме түндүктү көздөй Суэц каналына барып, андан соң Африканы айланып өтүп, кайра батыш жана түштүк багытына бурулса, жол болжол менен 50 күнгө созулат.
Kpler компаниясынын, ошондой эле LSEG жана MarineTraffic кемелерди көзөмөлдөө кызматтарынын маалыматтарына ылайык, хуситтер деңиз блокадасын жарыялагандан кийин Сауд Аравиясынын портторунан мунай жүктөп чыккан кеминде төрт танкер Баб-эль-Мандеб кысыгы аркылуу Кытайды көздөй багыт алган.
Маалымат булактарынын айтымында, Пекин бул кемелердин ар биринин өтүшүн хуситтер менен жекече координациялаган, андан кийин эки тарап тең Иранга кабарлаган.
Ошол эле учурда Аден булуңунан чыккан New Champion жана New Prime аттуу эки супертанкер коопсуздук маселесинен улам багытын өзгөрткөн. New Champion танкери Янбу портуна кирип, ал жерден мунай жүктөшү керек болгон. Ал эми New Prime танкери буга чейин эле чийки мунайга толтурулган болчу. Бул эки кеменин оператору — Гонконгдо жайгашкан Associated Maritime компаниясы.
Өткөн аптада йемендик хуситтер Сауд Аравиясына карата деңиз блокадасын жарыялашкан. Кийинчерээк алар Сауд Аравиясына таандык Encelia жана Layla аттуу эки мунай танкерине сокку урганын билдиришкен.
Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, Сауд Аравиясынын ири мунай компаниясы Saudi Aramco хуситтердин чабуулунан кийин 27-июлда Жидда шаарындагы кубаттуулугу суткасына 400 миң баррелди түзгөн мунай иштетүүчү заводдун ишин убактылуу токтоткон. Ошондой эле компания Азияга мунай жеткирүү үчүн колдонулган маршруттарды өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканы маалымдалган.