Үй ДайджестАнглия менен Франциянын аймагынын дээрлик 70 пайызын кургакчылык каптады

Англия менен Франциянын аймагынын дээрлик 70 пайызын кургакчылык каптады

by Kanykey

Улуу Британиянын өкмөтү Англиянын аймагынын 71,3 пайызын кургакчылык каптаганын билдирди. The Independent басылмасынын маалыматына караганда, кургакчылык катталган аймактарда болжол менен 27 миллион адам жашайт.

Июль айынын аягында эле Англия менен Уэльстин аймагынын 50 пайызында суу ресурстарын пайдаланууга чектөө киргизүүнү караган кургакчылык режими жарыяланган.

Жергиликтүү метеорологдордун маалыматына ылайык, өткөн июль айы 1836-жылдан берки Англия менен Уэльстеги эң кургак ай болду.


Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин өкүлү Тони Грейлинг кургакчылык күчөп жатканын жана олуттуу көлөмдө, узакка созулган жаан-чачын болмоюнча абал мындан ары да начарлай турганын билдирди.

«Кургакчылык күчөп жатат жана олуттуу жана узакка созулган жаан-чачын жаамайынча, абал мындан ары да начарлай берет. Ысык жана кургак аба ырайы айыл чарбасына олуттуу зыян келтирип жатканын билебиз. Мунун айлана-чөйрөгө узак мөөнөттүү кесепеттери болот», — деди ал.

Британиянын дарыяларындагы суунун деңгээлинин болгону 14 пайызы гана нормага туура келерин Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги билдирди. Дарыялардын 22 пайызында суунун деңгээли «өтө төмөн» деп бааланууда. Алардын катарына Эйвон, Уай, Или жана Экс дарыялары кирет.

Айрым дарыяларда суунун температурасы 27–28 градуска чейин көтөрүлгөн. Бул кадимки көрсөткүчтөн 2 градуска жогору. Мындай абал балыктардын жашоо шартына терс таасирин тийгизип, алардын өмүрүнө коркунуч жаратууда. Себеби жылуу сууда кычкылтек муздак сууга салыштырмалуу начар эрийт.

Ал эми суу сактагычтардын толуу деңгээли 69 пайызга чейин төмөндөгөн. Бул жылдын ушул мезгилиндеги адаттагы көрсөткүчтөн 11,6 пайызга аз. Июль айынын ичинде эле суу сактагычтардагы суунун көлөмү 16 пайызга азайган. Бул акыркы 30 жылдагы эң чоң төмөндөө болуп калды.

Ошол эле учурда Англия 2026-жылдагы бешинчи аптаптуу ысык толкунга жакындап жатат. Жакынкы күндөрү абанын температурасы 35 градуска чейин көтөрүлүшү күтүлүүдө. 9-августта өлкөдө абанын температурасы 30 градуска жеткен күндөрдүн саны боюнча 1995-жылдан бери кармалып келген рекорд жаңыланды. 2026-жылы Улуу Британияда температура 30 градуска жеткен 35 күн катталды. Ал эми жай мезгилинин аякташына дагы үч жумадай убакыт бар.

Франциянын аймагынын дээрлик 70%ында сууга чектөөлөр киргизилди

Францияда да ушундай эле татаал жагдай байкалууда. France24 маалымдагандай, өлкө аймагынын дээрлик 70 пайызында суу ресурстарын пайдаланууга чектөө киргизилген.

Франциянын Экология министрлиги өлкө быйыл өзгөчө катуу кургакчылыкка туш болгонун белгиледи.

«Быйыл Франция өзгөчө күчтүү кургакчылыкты баштан кечирүүдө. Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери суу ресурстарына болгон басымды дагы күчөтүп жатат», — деп билдирди министрлик.

Ошондой эле мекеме Франциянын аймагынын дээрлик 70 пайызы суу пайдаланууга киргизилген чектөөлөргө туш болгонун кошумчалады.

Республиканын 67 департаментинде суунун тартыштыгынан улам эң жогорку кризистик деңгээл жарыяланды, ал эми дагы 21инде жогорку деңгээлдеги кооптуу абал жарыяланган.

Кургакчылыктын коркунучу эң жогорку деңгээлге жеткен аймактарда суу ресурстарын эң зарыл учурларда гана пайдаланууга уруксат берилет. Алардын катарына саламаттык сактоо тармагынын муктаждыктары, ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация сыяктуу маанилүү багыттар кирет.

Коркунуч деңгээли төмөнүрөөк болгон аймактарда жеке менчик бакчаларды сугаруу, бассейндерди пайдалануу, унааларды өз алдынча жууп-тазалоо сыяктуу иштерге да аймактык чектөөлөр киргизилүүдө.

27-июлда Экологиялык өткөөл министри Моник Барбут Франциянын 47 департаментинде ичүүчү суу менен камсыздоодо кыйынчылыктар бар экенин билдирген. Ал суу менен камсыздоонун үзгүлтүккө учурашы 80 коммунадагы 30 000ден ашык адамга таасир этип, аларга суу цистерна же бөтөлкөлөр менен жеткирилгенин кошумчалаган.