Үй АНАЛИТИКААракчи Украинадан ирандык кемеге жасалган соккудан келтирилген чыгымды төлөп берүүнү талап кылды

Аракчи Украинадан ирандык кемеге жасалган соккудан келтирилген чыгымды төлөп берүүнү талап кылды

by Kanykey

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Украинанын ирандык соода кемесине жасаган соккусунан келтирилген чыгымдын орду толтурулушу керектигин Украинанын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Андрей Сибигага билдирди.

«Иран чыңалууну күчөтүүгө умтулбайт. Бирок биздин жарандарыбызга же кызыкчылыктарыбызга жасалган ар кандай чабуул кабыл алынгыс экенин ачык билдирдик. Келтирилген чыгымдын орду толтурулушу керек», — деп жазды Аракчи X социалдык тармагындагы баракчасына.

Аракчинин айтымында, Сибига ирандык соода кемесине жасалган чабуул атайылап уюштурулбаганын жана Украина чыңалууну күчөтүүгө кызыкдар эместигин билдирген.

Ошол эле учурда Responsible Statecraft басылмасынын маалыматына караганда, Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамптын колдоосуна ээ болуу максатында Каспий деңизиндеги ирандык кемеге сокку урууга буйрук берген.

«Украинанын чабуулу Зеленскийдин Трамптын өзүнө болгон мамилесин жакшыртууга багытталган планынын бир бөлүгү болгон окшойт. Анткени алардын ортосунда көптөн бери чыңалган мамиле болуп келген», — деп белгиленген басылманын материалында.

Буга чейин Ирандын Тышкы иштер министрлиги Украина 25-июлда Каспий деңизинде ирандык соода кемесине чабуул жасаганын маалымдаган. Чабуулдун кесепетинен бир деңизчи каза болуп, дагы бирөө жаракат алган. Тегеран кол салууну эл аралык укукту бузуу деп атап, Киевди чыр-чатакты күчөтүп жатат деп айыптады. Украинанын президенти Владимир Зеленский кол салууну ырастаган. Иран тарап Украинанын кол салуусуна жооп кайтараарын билдирген.

АКШнын The New York Times гезити аты-жөнүн атабаган ирандык жана батыштык аткаминерлерге шилтеме жасап, Иран жооп иретинде Украинанын деңиз портторунун бирине сокку урууну карап чыкканын жазган. Бирок азырынча дипломатиялык аракеттердин натыйжасында тараптардын ортосундагы чыңалуу басаңдаган.