Үй КАБАРЛАР«Росатомдун» 135 кызматкери Ирандагы Бушер АЭСине кайтып келди

«Росатомдун» 135 кызматкери Ирандагы Бушер АЭСине кайтып келди

by Kanykey

«Росатом» мамлекеттик атомдук корпорациясынын башкы директору Алексей Лихачев жекшемби күнү Ирандагы Бушер атомдук электр станциясында иштеп жаткан россиялык корпорациянын кызматкерлеринин саны эки эсеге көбөйүп, 135 адамга жеткенин билдирди.

Россиянын ТАСС маалымат агенттигинин билдирүүсүнө караганда, Лихачев «Росатом» Бушер АЭСиндеги персоналдын санын өз милдеттенмелеринин алкагында көбөйтүүнү улантып жатканын айткан.
Анын айтымында, бир күн мурун «Росатомдун» дагы тогуз кызматкери учурда иштеп жаткан № 1 энергоблокто пландуу техникалык тейлөө иштерин жүргүзүү үчүн станциянын аймагына келишкен. Алардын келиши менен объекттеги «Росатомдун» техникалык персоналынын жалпы саны 135 адамга жеткен.

Лихачев станциядагы кызматкерлердин бардыгы үч энергоблокко байланыштуу иштерге тартылганын белгиледи. Алардын экөө курулуп жатат, ал эми бирөө иштеп жатат.

Буга чейин, 22-сентябрда, Лихачев Бушер АЭСинде 63 россиялык адис бар экенин билдирген. Демек, ошондон бери объекттеги «Росатомдун» кызматкерлеринин саны эки эсеге көбөйгөн.

Тегеран менен Москванын ортосундагы өзөктүк кызматташтык жаңы реакторлордун курулушу башталгандан бери жаңы баскычка өттү. Иран менен Россия биргелешип курган Бушер АЭСи Иранды 1024 мегаватт электр энергиясы менен камсыз кылат.