Үй Редактордун тандоосу8 араб жана ислам өлкөлөрүнүн биргелешкен билдирүүсү: Израилдин агрессиясы Газадагы ок атышпоо келишимин бузду

8 араб жана ислам өлкөлөрүнүн биргелешкен билдирүүсү: Израилдин агрессиясы Газадагы ок атышпоо келишимин бузду

by Kanykey

Сегиз араб жана ислам өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери биргелешкен билдирүү жасап, израилдик режимдин Газа жана Батыш жээктеги уланып жаткан агрессиясын айыптап, БУУнун Коопсуздук Кеңешин режимди палестиналыктардын укуктарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартууга чакырышты.

Pars Today агенттигнин маалыматы боюнча, сегиз араб жана ислам өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери биргелешкен билдирүү жасап, израилдик режимдин Газа тилкесиндеги жана Батыш жээктеги уланып жаткан агрессиясына тынчсыздануусун билдиришти.

Бул сегиз өлкөнүн тышкы иштер министрлери БУУнун Коопсуздук Кеңешин израилдик режимди эл аралык жана гуманитардык укукту бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартууга чакырды.

Билдирүүдө ошондой эле Палестинанын жерлерин аннексиялоого, ошондой эле палестиналыктарды күч менен көчүрүү пландарына каршы туруу баса белгиленди, анткени бул аракеттер эл аралык укукка каршы келет жана аймактын коопсуздугуна жана туруктуулугуна коркунуч келтирет деп сыпатталган.