by Kanykey

Американы миллиардерлер башкарып алдыбы?

Саясий серепчи Алмаз Темирбаев өзүнүн YouTube-каналында Америка, Бразилия жана Израилдеги шайлоолорго токтолуп, «Американы миллиардерлер башкарып алдыбы?» деген суроого жооп издеп, АКШ президенти Дональд Трампка жакын тогуз миллиардердин байлыгы, саясий байланыштары жана бийликке тийгизген таасири тууралуу өз пикири менен бөлүштү.

АКШдагы жана Израилдеги шайлоолор, Иранга каршы жаңы согуш коркунучу

Серепчи белгилегендей, Израилдеги парламенттик шайлоодо Биньямин Нетаньяху жеңилип калышы мүмкүн. Ошондой эле, АКШда 3-ноябрда Конгресстин өкүлдөрүн шайлоо өткөрүлөт. Бул шайлоолор эки жылда бир өткөрүлүп, аны midterm деп коюшат, башкача айтканда, аралык шайлоо деп аталат.

Тема боюнча

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026

Учурда Дональд Трамп бул шайлоого өзгөчө көңүл буруп жатат. Республикачылар да, демократтар да Конгресске өз партиясынын өкүлдөрүн мүмкүн болушунча көбүрөөк өткөрүүгө аракет кылууда. Республикачылардын атынан Трамп үгүт жүргүзсө, демократтардын атынан мурдагы президент Барак Обама үгүт иштерине катышууда. Обаманы да күчтүү саясатчы, Трамптын жана республикачылардын рейтинги төмөндөгөндүктөн, демократтар шайлоодо үстөмдүк кылып кетиши мүмкүн.

АКШдагы Конгресске шайлоо менен Израилдеги шайлоонун жыйынтыктары Трамптын жана Нетаньяхунун мындан аркы саясатына таасир этиши мүмкүн. Бул шайлоолордон кийин Трамп менен Нетаньяху Иранга кайрадан кол салышы мүмкүн деген пикирлер айтылып жатат.

Нетаньяху жакында өзүнүн билдирүүсүндө алардын алдында эки жыл убакыты бар экенин, ал эми Трамп эки жылдан кийин үчүнчү мөөнөткө талапкер боло албай турганын айтып, Трамп бийликте турганда Иран маселесин бүтүрүп алуу керек деген маанидеги сөздөрдү жазган.

Нетаньяху кайрадан шайлана турган болсо, Иран маселесин койбойт, аны акырына чейин чыгармайынча ар кандай аракеттерди кыла берет. Бирок канчалык ийгиликке жетерин айтуу кыйын,  себеби Иран дагы абдан күчтүү. Бул жаңжал буга чейин болгон согуштардай эле болот деп күтүлүп жатат. Бирок мындай согуш дүйнөлүк экономикага өтө оор кесепеттерди алып келиши ыктымал. Европада өтүп жаткан нааразылык акцияларынын себептеринин бири да ошол: кымбатчылык болуп жатат, бензин кымбаттап жана башка нерселердин баалары көтөрүлүп жатат. Ошол эле учурда адамдардын кирешеси өспөй жатат.

Бразилиядагы шайлоо жана АКШнын таасири

Алмаз Темирбаев Бразилиядагы шайлоого да токтолуп, анда Америка жактырбаган киши Луис Инасиу Лула да Силва кайрадан жеңип чыкканын белгиледи. Ал Түштүк Американын картасына көңүл буруп, айрым мамлекеттерди АКШга баш ийген өлкөлөр катары кароого болорун, бирок Бразилия алардын катарына кирбей турганын белгиледи. Ошондуктан АКШ Бразилияда өзүнүн адамын, 45 жаштагы саясатчыны бийликке келишине аракет кылган.

80 жаштагы Лула Бразилиянын БРИКСке кошкон, ошондой эле Кытай жана Россия менен мамилелери жакшы. Ал Американын Газада жүргүзгөн жана Иранга каршы жүргүзгөн саясатына, Трамп акыркы жолу шайланып келгенден бери жүргүзүп жаткан саясатына каршы пикирлерди айтып келет.

Темирбаевдин пикиринде, Бразилиядагы шайлоонун жыйынтыгы өлкөнүн тышкы саясий багытына жана АКШ менен болгон мамилелерине байланыштуу маанилүү көрүнүштөрдүн бири болуп саналат.

Трампка жакын миллиардерлер

Биринчиси — Илон Маск. Ал Трамп экинчи мөөнөткө шайланганга чейин эле Twitter социалдык тармагын сатып алган. Ошол учурда көпчүлүк адамдар Масктын эмне үчүн абалы начарлап бараткан социалдык тармакты 40 миллиард долларга сатып алганына таң калышкан. Бирок бул кадамдын саясий мааниси болгон.

Бул көрүнүш шайлоонун алдында саясатчылардын телеканалдарды же маалымат сайттарын ачып алышына окшогон көрүнүш. Маск аны сатып алып, көзөмөлгө алып, ошол жерде акырындык менен Трамптын пропагандасын жүргүзө баштаган. Маск бул жерде сөз эркиндиги болот деген кооз сөздөрдү сүйлөгөн, бирок өзүнүн аккаунту аркылуу Трампты колдой баштаган.

Ал мезгилде Илон Маск абдан популярдуу болгон. Оңчул, солчул, демократ, республикачыл жана башка саясий көз караштагы адамдардын арасында бейтарап киши катары кабыл алынчу. Маскты баары сыйлачы, анткени ал «Tesla′ны» жасап, «SpaceX» компаниясын түзгөн. Ал чоң долбоорлорду ишке ашырган ийгиликтүү ишкер катары таанылып, айрыкча жаштардын арасында үлгү катары кабыл алынган.

Маск Трампка көп добуш топтоого жардам берген. Шайлоо кампаниясына 300 миллион долларга жакын каражат бөлүп, анын бийликке келишине түздөн-түз олуттуу салым кошкон миллиардерлердин бири болгон. Шайлоодон кийин Маск Трамптын командасында иштөөгө аракет кылган, бирок ийгиликке жеткен жок. Кийин Маск Трамп менен урушуп кетип, командадан чыккандан кийин Жеффри Эпштейнге байланыштуу документтерди жарыялоо керектигин жана ал документтерде Трамптын да аты бар экенин кыйыткан билдирүүлөрдү жазган. Бирок кийин ал билдирүүлөрүн өчүрүп салган. Бирок кийин экөө кайрадан жарашып, мамилелерин оңдоп алышкан.

Экинчи миллиардер — Питер Тиль. Серепчинин айтымында, Тиль дагы өтө таасирдүү киши, байлыгы 37,6–38 миллиард доллардын тегерегинде деп бааланат. Азыркы АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс саясатка келгенге чейин Тилдин кол алдында иштеген.

2028-жылы АКШда президенттик шайлоо өтөт. Трамп үчүнчү мөөнөткө талапкер боло албайт. Ошондуктан, Жей Ди Вэнсти келечектеги президенттикке талапкер катары алдыга сүрөп жатышы мүмкүн деген божомолдор айтылып келет. Трамп бул тууралуу ачык билдире элек, бирок саясий чөйрөдө ушундай пикирлер бар. Эгер Вэнс келечекте президент болуп калса, анда миллиардер Питер Тилге жакын саясатчы дүйнөдөгү эң бай жана эң күчтүү мамлекеттин жетекчилигине келиши мүмкүн.

Серепчи Питер Тиль менен Илон Маск эски достор экенин да белгиледи. Анын айтымында, экөө бир кезде интернет аркылуу төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген PayPal компаниясын түзүп, кийин аны сатып, чоң киреше табышкан соң өз-өзүнчө иштөөгө өтүшкөн. Алар андан кийин ар башка долбоорлорду өнүктүрүп, өз алдынча иш жүргүзүшкөнү менен, азыркыга чейин бул чөйрөдө таасирдүү адамдар бойдон калышты.

Мындан тышкары, Питер Тилге таандык Palantir компаниясы бар. Palantir көп көлөмдөгү маалыматтарды топтоп, аларды талдап, маалыматтардын маанисин жөнөкөй түшүнүүгө жардам берет.

Үчүнчү миллиардер — Дэвид Сакс. Бул кишини «крипто падыша» деп коюшат. Ал криптовалюта жана жасалма интеллект тармактарында, жалпы эле технология тармагында инвестор болуп, ийгиликтүү иштеп жүргөн миллиардер. Сакс да PayPal компаниясынын айланасында калыптанган ишкерлер тобуна кирет. Ал Илон Маск жана Питер Тиль менен бирге ушул компанияда иштеп, технологиялык бизнестен чоң киреше тапкан. Сакс Трамптын криптовалюта жана жасалма интеллект тармактары боюнча кеңешчиси болуп иштеген. Азыр да Трампка жакын адамдардын бири.

Кийинки миллиардер — Говард Латник. Ал технология тармагынан эмес, каржы дүйнөсүнөн чыккан ишкер. Анын байлыгы 7,2 миллиард доллардын тегерегинде бааланат. Азыркы учурда Трамптын командасында соода министри болуп иштейт. Латник дагы эски миллиардерлердин бири. Айрым маалыматтарда Латниктин Эпштейн менен байланышы жана Эпштейндин аралына көп барганы тууралуу сөздөр жазылып келет. Ал Трампка өтө жакын, жана ага сөзү өтө турган миллиардерлердин бири.

Трампка жакын кийинки адам — Стив Уиткофф. Ал Россиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушууларга катышып, Украина менен Россиянын сүйлөшүүлөрүндө Трамптын атынан ортомчу болуп жүргөн киши. Мындай жолугушууларга Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер да катышып, экөө көп учурда бирге иш жүргүзүшөт. Уиткофф менен Кушнер Газадагы окуялар учурунда да ортомчулук аракеттерине катышышкан.

Уиткофф Трамптын эски досу, алардын мамилеси 1980-жылдардан бери уланып келет. Экөө кыймылсыз мүлк бизнесинде бирге иштеп жүргөн. Трамп саясатка келгенге чейин кыймылсыз мүлк бизнесинде иштеп, атасынан калган ири бизнести ийгиликтүү жүргүзгөн. Мындан тышкары, ал телеканалдардагы программалары аркылуу да кеңири таанылган. Өтө белгилүү адам болчу, бирок саясатка кирген эмес. Бирок Барак Обамадан кийин саясатка киришкен. Трамп бул тармакта да жөндөмүн көрсөтө алып, көптөн бери саясатта жүргөн адамдарды сүрүп чыгып, Хиллари Клинтонду жеңип, президенттик кызматка келген.

Андан кийинки таасирдүү киши — Марк Андриссен. Байлыгы 2 миллиард доллар болгон миллиардерлердин бири. Темирбаевдин айтымында, Андриссенди IT тармагындагы адамдар жакшы билишет. Ал дагы технология тармагында Трампка кеңешчи болуп жүргөн топтордун арасында болгон. Шайлоо учурунда венчурдук капиталисттерди мобилизациялоого, аларды уюштуруп, Трамп тарапка тартууга жардам берген. Трампка колдоо көрсөткөн.

Андан кийинкиси — Жаред Кушнер. Серепчинин айтымында, Кушнер да таасирдүү киши, Трамптын күйөө баласы, анын кызына үйлөнгөн. Кушнер да Стив Уиткофф менен бирге Россия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө ортомчулук кылып келет.

Андан кийинки миллиардер — Мириам Аделсон деген аял. Серепчинин айтымында, бул аялга байлык атасынан калган. Лас-Вегастагы казинолорду иштетип, көп акча табышкан. Бирок болжол менен жыйырма жыл мурда Лас-Вегастагы жана жалпы эле АКШдагы бизнесин толук чыгарып кетип, Азияга көчүрүшкөн. Кытайдын Макао аймагында жана Сингапурда казино бизнеси бар. Сингапурдагы белгилүү кеме сымал мейманкана да ушул үй-бүлөгө таандык.

Мириам Аделсон Трамптын шайлоо кампанияларына жүз миллиондогон доллар каражат берип, аны каржылык жактан колдоп келген. Ошондой эле Израилдин лоббиси үчүн катуу иштеген аял, миллиардер катары белгилүү. Трамп менен мамилеси эң жакшы.

Андан кийинкиси — Ларри Эллисон. Саясий серепчи Трампка жакын кийинки миллиардер катары Oracle компаниясынын ээси Ларри Эллисонду атады. Ал Трамптын тапшырмасы менен  TikTokтун Америкадагы бөлүгүн сатып алган. Себеби, АКШда TikTokту бөгөттөө маселеси көтөрүлгөн. Анткени TikTokтун ичинде Америкага керек эмес, Америкага каршы жана Израилге каршы пропаганда жүрүп баштаган. Газада кыргын башталгандан кийин мындай маалыматтарды токтото алышкан эмес. Жаштардын бир бөлүгү телеканалдарды көрбөй, гезиттерди окубай, маалыматты TikTok аркылуу алып, бири-бири менен бөлүшүп, аларды көзөмөлдөө кыйын болуп калган. Ошондуктан башында TikTokту бөгөттөө сунушталганы менен, кийин анын америкалык бөлүгүн сатып алышып, эми ошол жердеги алгоритмди өзгөртүп, көзөмөлдөгөнгө аракет кылышууда.

Ларри Эллисон байлыгы 167 миллиард доллардын тегерегинде деп айтылып келет. Мындан тышкары, анын Stargate деп аталган долбоорго ири көлөмдө каражат салган.

Алмаз Темирбаевдин айтымында, ал санап өткөн тогуз миллиардердин жетөө еврей, ал эми Илон Маск менен Питер Тиль христиан динин кармангандар катары көрсөтүлөт.

Темирбаев белгилегендей, бул ишкерлердин көбүнүн ийгиликтүү бизнес тарыхы 2000-жылдарга барып такалат. Анын айтымында, Питер Тиль, Илон Маск жана Дэвид Сакс сыяктуу ишкерлер жаш кезинде PayPal компаниясынын айланасында иштеп, кийин чоң байлыкка ээ болушкан.

Серепчинин пикиринде, мурда IT тармагында иштеген адамдар коомчулукта башкача кабыл алынчу. Компьютердин алдында отуруп иштеген, эч ким менен сүйлөшпөгөн, адамдар менен көп иши болбогон бирөөнү элестетишчү. Мындай адамдарды зыяны жок адамдар деп ойлошчу.

Ал 2008-жылдагы дүйнөлүк каржы кризисин да эске салды. Серепчинин айтымында, ошол кризистин чыгышына ири каржы дүйнөсүнүн өкүлдөрү себеп болгон. Ошол мезгилде журналисттердин бири банкирге суроо берген. Журналист банкирлерге кайрылып, эмне үчүн Google же Facebook сыяктуу технологиялык компаниялардын ээлериндей болуп, тынч гана бизнес жүргүзбөй, ар кандай каржылык махинацияларга жана татаал иштерге аралашарын сураган.

Анктени ошол учурда IT адистеринин имиджи абдан таза болчу. Алар саясатка же башка иштерге аралашпаган, өзүнүн жумушун эле аткарып жүргөн, зыяны жок адамдар катары белгилүү эле. Ошол мезгилде жаш болгон технологиялык ишкерлер азыр чоңоюп, ири байлыкка ээ болуп, мамлекеттик бийликтин жанына чейин келишти.

Серепчинин пикиринде, эгер Жей Ди Вэнс президент болуп калса, дүйнөнүн эң бай мамлекетин башкарып калышы мүмкүн.