Үй КАБАРЛАРДүйнөИран АКШга жооп кайтаруу операцияларын убактылуу токтотконун билдирди

Иран АКШга жооп кайтаруу операцияларын убактылуу токтотконун билдирди

by Kanykey

АКШ акыркы эки түндөн бери Ирандын аймагына сокку урбай жаткандыктан, Тегеран да жооп кайтаруу операцияларын убактылуу токтотту. Бул тууралуу Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн расмий өкүлү Мохаммад Экреминия билдирди.

Анын айтымында, Ирандын аскердик стратегиясы жооп кайтаруу принцибине негизделген.

АКШнын аракеттерин бир тараптуу ок атышууну токтотуу катары баалоого болобу деген суроого жооп берип жатып, Экреминия азырынча Вашингтондун так стратегиясы тууралуу жыйынтык чыгарууга эрте экенин белгиледи.

Анын сөзүнө караганда, азыркы кырдаал АКШ администрациясында чечим кабыл алуу процесси татаал жүрүп жатканын көрсөтөт.

Ошондой эле Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлү АКШ мындан аркы аракеттердин ар кандай варианттарын, анын ичинде кеңири масштабдагы аба соккуларын жана кургактагы аскердик операцияны караштырып жаткан болушу мүмкүн экенин айтты.

Экреминия ошол эле учурда Ирандын Куралдуу күчтөрү окуянын кандай нукта өнүгүшүнө карабастан даяр экенин баса белгиледи.