Оглавление
Москванын борборундагы Кудрин аянтындагы Balzi Rossi ресторанынын жанында жардыруучу түзүлүш жарылып, анын кесепетинен үч адам каза болуп, дагы 21 адам жаракат алды. Бул тууралуу Орусиянын Улуттук антитеррордук комитети (УАК) билдирди.
Орусиячыл айрым блогерлер жана маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, кол салуунун мүмкүн болгон бутасы Орусиянын Аскердик-аба жана космостук күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Чайко болушу ыктымал.
Эмне болгон?
Жардыруу Москва убактысы боюнча кечки саат 20:10 чамасында болгон.
УАКтын маалыматына ылайык, белгисиз аял ресторандын аймагына жардыруучу түзүлүштү алып кирүүгө аракет кылган. Коопсуздук кызматкери аны киргизбей койгондон кийин жардыруу болгон. Натыйжада аял менен күзөтчү каза болуп, үчүнчү курмандык ресторандын коногу болгон.
«Коммерсант» басылмасы өз булактарына таянып билдиргендей, жардыруунун бутасы ресторандын жайкы аянтчасында отурган коноктор болушу мүмкүн. Алдын ала маалымат боюнча, кире бериште күзөтчү колуна куту көтөрүп келген аялды токтоткон. Аял анын ичинде белек бар экенин айткан, бирок күзөтчү кутуну текшерүүнү чечкен учурда жардыруу болгон.
Басылманын маалыматына ылайык, жардыруунун күчү болжол менен 1 килограмм тротилге барабар болгон. Жардыруучу түзүлүшкө металл шариктер салынып, алардын кесепетинен верандада отурган адамдар да жаракат алышкан. Алардын бири каза болгон. Иш-чара күчөтүлгөн тартипте кайтарылгандыктан, мындан да көп адамдын өмүрү сакталган.
Ресторанда кимдер болгон?
Ошол күнү Balzi Rossi ресторанында жабык форматтагы иш-чара өтүп жаткан.
ASTRA басылмасы күбөлөргө шилтеме берүү менен анда кайсы бир генералдын туулган күнү белгиленип жатканын жазган. Ал эми «112» Telegram-каналы ресторанда 50 чакты конок катышкан үйлөнүү үлпөтү өтүп жатканын билдирген.
Z-блогер Анастасия Кашеварованын айтымында, майрамды «элитанын өкүлдөрүнүн бири» өткөрүп жаткан.
Орусиячыл блогер Анатолий Шарий өзүнүн Telegram-каналына ресторандагы даярдык тартылган видеону жарыялаган. Андагы сахнада «Александр 55» деген жазуу илинип турган. Кадр сыртындагы кыз Александрдын 55 жашка толгонун айткан.
«Агентство» басылмасы белгилегендей, ушул жылдын 27-июлунда Орусиянын Аскердик-аба жана космостук күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Чайко 55 жашка чыккан.
ВЧК-ОГПУ Telegram-каналынын маалыматына ылайык, кечеге Чайко менен Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Жалпы аскердик академиясында чогуу окуган адамдардын бири катышкан. Булактын айтымында, генерал жаңы кызматка дайындалганын өзүнчө белгилебей, аны мааракеси менен бирге өткөрүүнү чечкен. Коноктордун арасында ФСБнын жогорку кызматкерлери, мамлекеттик аткаминерлер, Мамлекеттик Думанын депутаттары жана Коргоо министрлигинин генералдары болгон.
Азырынча бул иш-чара чындап эле Александр Чайконун туулган күнүнө арналганы жана ал жардыруу болгон учурда ресторанда болгону расмий түрдө тастыктала элек. РЕН ТВ жана «112» жарыялаган жабыркагандардын тизмесинде анын аты-жөнү жок.
Ошондой эле ВЧК-ОГПУ каналы кечеге Мамлекеттик Думанын депутаты Зелимхан Муцоев да келгенин жазды. ASTRA басылмасынын маалыматына ылайык, ресторандын жанында мамлекеттик номерлери кара түстөгү көптөгөн автоунаалар токтотулган.
Учурдагы абал
Окуядан кийин жардыруу болгон аймакта унаалардын кыймылы убактылуу токтотулган. Учурда жол кыймылы толугу менен калыбына келтирилди.
Окуя болгон жерде тергөөчүлөр, кинологдор жана куткаруучулар иш алып барууда. Жардырууга байланыштуу Москвада түнкү велофестиваль да жокко чыгарылган.
Ресторан тууралуу
«Фонтанка» басылмасынын маалыматына ылайык, Balzi Rossi ресторанын «Хип Хоп Кафе» ЖЧКсы башкарат. Компания өткөн жылы 333 миллион рубль киреше жана 22 миллион рубль таза пайда тапкан.
Компаниянын 99 пайыз үлүшү Максим Кузнецовго таандык. Ал өз кезегинде «Клир Центр» акционердик коому аркылуу «Фонкор» ЖЧКсына толугу менен ээлик кылат. Бул компанияга ири букмекердик оператор «Фонбеттин» сайты катталган. Balzi Rossi ресторанынын башкы директору — Алексей Мещеряков.
Жаңыртуу (2-август, саат 00:45): материалга кол салуунун мүмкүн болгон бутасы Орусиянын Аскердик-аба жана космостук күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Чайко болушу ыктымал экендиги тууралуу маалымат кошулду.