Үй КАБАРЛАРДүйнөАКШда жакырчылык күчөп жатат: Кан плазмасын сатуудан тартып балдардын азык-түлүк жардамынын кыскарышына чейин

АКШда жакырчылык күчөп жатат: Кан плазмасын сатуудан тартып балдардын азык-түлүк жардамынын кыскарышына чейин

by Kanykey

The New York Times басылмасы АКШда жакырчылыктын күчөп, коомдогу социалдык теңсиздиктин тереңдеп баратканы тууралуу макала жарыялады.

Pars Today агенттиги Mehr маалымат агенттигине шилтеме берүү менен билдиргендей, The New York Times гезити америкалык жазуучу Николас Кристофтун репортажын жарыялаган. Анда миллиондогон америкалыктар көпчүлүк эл билбеген оор шарттарда жашап жатканы, ал эми социалдык колдоо программаларынын кыскарышы жана жашоо наркынын өсүшү алардын абалын күн сайын оорлотуп жатканы белгиленет.

Оклахома, Арканзас, Теннесси жана Кентукки штаттарында жүргүзүлгөн талаа изилдөөсүнүн жыйынтыгында автор АКШдагы жакырчылык жөн гана кирешенин аздыгы эмес, муундан-муунга өтүп келе жаткан көрүнүшкө айланганын белгилеген. Анын айтымында, бул психологиялык жаракаттардын топтолушу жана социалдык байланыштардын алсыздыгы менен түшүндүрүлөт.

Макалада Оклахома-Сити шаарында жашаган 44 жаштагы Тринити Гудмандын тагдыры мисал катары келтирилет. Ал күнүмдүк жашоосун камсыз кылуу үчүн жумасына эки жолу кан плазмасын сатууга аргасыз. Азык-түлүк сатып алуу үчүн мамлекеттик жардамга көз каранды. Басылманын маалыматына ылайык, Гудман өмүрүндө бир да жолу чачын салондо кырктырууга мүмкүнчүлүк тапкан эмес.

The New York Times бул көрүнүш АКШдагы байлар менен жакырлардын ортосундагы ажырымдын барган сайын кеңейип жатканын көрсөтөрүн белгилейт. Айрымдар эбегейсиз байлык топтосо, башкалары күнүмдүк эң негизги муктаждыктарын да камсыздай албай жатат.

Макалада мындай абал үчүн жоопкерчиликтин олуттуу бөлүгү АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясына жүктөлөт. Басылманын айтымында, азык-түлүк жардамы, саламаттык сактоо жана психикалык саламаттыкты колдоо программаларынын каржылоосунун кыскарышы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө болгон басымды күчөткөн. Буга кошумча азык-түлүк жана күйүүчү майдын баасынын өсүшү да калктын жашоосун оорлотууда.

Өткөн жылы АКШда болжол менен 1,5 миллион бала азык-түлүк жардамынан ажыраган. Ошондой эле мамлекеттик колдоонун кыскарышынан кийин миллиондогон америкалыктар медициналык камсыздандыруусунан да кол жуушкан.

Макалада Арканзас штатындагы Пайн-Блафф шаарынын тургундарынын пикири да келтирилет.

«Бүгүнкү күндө экономикалык абал мурдагыдан да оор. Анткени жашоо наркы кескин кымбаттап, мамлекеттик кызматтардын көлөмү азайды», — дешет алар.

Макаланын соңунда белгиленгендей, АКШдагы эки ири саясий партиянын өкүлдөрү коомдун эң аялуу катмарларынын көйгөйлөрүнө жетиштүү көңүл бурбай жатканы өлкөдөгү социалдык ажырымдын мындан ары дагы тереңдешине алып келиши мүмкүн.