Үй АНАЛИТИКАИзраиль НАТО менен кагылышпай туруп Түркияга сокку урууну пландап жатабы?

Израиль НАТО менен кагылышпай туруп Түркияга сокку урууну пландап жатабы?

by Kanykey

Израиль Сириядагы авиабазада жайгашкан түрк аскер кызматкерлерине НАТОнун кийлигишүү тобокелчилиги жок сокку урууга болмок деп эсептейт. Бул тууралуу 20-августта «Israel Hayom» басылмасы маалымдады.

Израиль НАТОнун жамааттык коргонуу жөнүндөгү келишиминин 5-беренесинин жоболорун изилдеп чыгып, Түркиянын альянска мүчө болушу анын Сириянын аймагындагы аскерлерин коргоону камсыз кылбайт деген тыянакка келген.

Басылманын маалыматына ылайык, Израиль Сириядагы Абу-Духур авиабазасына соккуну ал жакка түрк аскерлери келиши мүмкүн деген ыктымалдан мурда анын инфраструктурасын жок кылуу максатында жасаган. Эгер авиабазага түрк аскерлери жайгаштырылса, ага жасалган чабуул алардын арасында жоготууларга алып келип, Түркиянын жооп иретиндеги аракеттерине жана АКШнын кийлигишүүсүнө себеп болушу мүмкүн эле.

Маалыматта белгиленгендей, Израилдин позициясына ылайык, мындай сокку НАТОнун бүтүндөй альянс катары кийлигишүүсүнө алып келбеши керек. Анткени эл аралык келишим Түркиянын аймагын коргойт, ал эми Түркиянын аскерлеринин башка өлкөнүн, тактап айтканда, Сириянын аймагында жайгашуусу бул коргоону Сирияга жайылтпайт.

Израиль 18-август күнү Алеппо шаарына жакын, Түркиянын чек арасына жакын жайгашкан Сириянын Абу-эд-Духур авиабазасына абадан сокку урган.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси бул чабуулду Сирия Түркиянын аскерлерин аталган авиабазага жайгаштырууга уруксат берүү менен Израиль менен түзүлгөн коопсуздук боюнча макулдашууларды бузуу алдында турганы менен түшүндүрдү.

Билдирүүдө Түркиянын аскер кызматкерлеринин авиабазада болушу Израилдин коопсуздугуна коркунуч жарата турганы жана Израиль буга жол берүүгө ниеттенбей турганы белгиленген.

Түркия Израилдин соккуларын айыптады. Ал эми АКШнын Сирия боюнча атайын өкүлү Том Баррак Израилдин Идлибдеги Сириянын Абу-эд-Духур аэродромуна жасаган аба соккусу Түркия менен түздөн-түз аскердик кагылышуу коркунучун жаратканын билдирди.

Дипломаттын айтымында, соккудан эч ким жабыркаган жок жана акырында кырдаал кеңири масштабдагы чыңалууга чейин жеткен жок.

Буга чейин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху түрк аскерлеринин Сирияда болушу Израилге коркунуч жараткан учурда, Израиль буга макул болбой турганын билдирген. Ал бул маселе боюнча өлкөнүн позициясы Түркияга так жана ачык жеткирилгенин баса белгилеген.